www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Жайыл району менен Суусамыр өрөөнүндө жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө балык уулоонун эрежелерин бузган жарандарды аныкташты.
Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу фактылары боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде эки протокол түзүлгөн. Ошондой эле синтетикалык тор колдонуу менен мыйзамсыз балык кармоо фактысы катталып, бул боюнча дагы бир протокол түзүлүп, күнөөлүү адамдарга айып салынды.
Мындан тышкары, жергиликтүү малчылар жана тургундар арасында жайыттарды автоунаа, трактор, мотоцикл жана башка транспорт каражаттары менен тебелөөгө коюлган чектөөлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле жарандарга жаратылышты коргоо, экологиялык мыйзамдардын талаптарын сактоо жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу боюнча эскертүүлөр берилди.