www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаза аткаруу кызматы интернетте тарап жаткан Аскат Жетиген уулунун ден соолугунун начардыгы жана тамак-аштын жетишсиздиги жөнүндөгү маалыматты четке какты.

Маалыматка ылайык,  соттолгон жаран жыл сайын пландагы профилактикалык медициналык кароодон өтүп турат. Кезектеги текшерүү 2026-жылдын 2-мартында өткөн, анын жүрүшүндө акын ден соолугуна даттанган эмес.

Бүгүнкү күндө Аскат Жетиген уулунун ден соолугу канааттандырарлык деп бааланууда. Ал мекеменин медициналык бөлүмүнө кайрылган эмес.

«Соттолгондор күн сайын үч маал ысык тамак менен камсыз болушат.

Ошондой эле соттолгондор сырттан аманат алууга укуктуу. Аскат Жетиген уулу бул укуктан пайдаланат, ал эми анын атына келген бардык аманатты мекеменин администрациясы кабыл алат, мыйзамда каралган текшерүүдөн өткөрөт жана толугу менен өткөрүп берет», - дейт Жаза аткаруу кызматы.

Белгилей кетсек, буга чейин Аскат Жетиген кат жазып, ден соолугу начарлап кеткенин билдирген.

Последние новости