www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-мартта Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйын өткөрүүдө.

Анын айтымында 187 өлкөдө аталган илдет катталды. Анын сап башында Кытай, Италия, Испания ж.б. турат.

Жыйында Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы учур жок экени айтылды.

Сузактагы 1949-жылы туулган эркек кишинин абалы оорлошуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы кабарланды.

"Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор деп аныкталып, 1949-жылкы эркек бейтап жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Ал эми калган 12 бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Алар менен карым-катнашта болгон 2 628 адам табылып, үй карантинине алынды",
 - деди Айнура Акматова.

23-март саат 09:00гө карата Кыргыз өлкөсүндө коронавируска чалдыккан жаӊы жарандар катталган жок. COVID-19 вирусу менен ооруган адамдардын саны – 14. Алар 6 эркек, 8 аял.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев вирус жуктургандардын баары сырттан келгендигин маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости