www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун очогу болгон Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында COVID-19 менен ооруган адам калган жок. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин расмий өкүлү Ми Фэнге таянып, РИА Новости жазып чыкты.

"26-апрелде Ухандагы ооруканада коронавирус инфекциясы менен жаткан бир да киши калган жок. Бул Ухандагы дарыгерлердин жана аларга жалпы жардам берген өлкөдөгү медиктердин аракети менен болду", - деди Ми Фэн.

Эске сала кетсек,  25-апрелдеги статистика боюнча эпидемия башталгандан тарта Хубэй провинциясында 68 128 учур (Уханда 50 333 киши) катталганын билдирген. Мунун ичинде 63 604 киши айыгып, 4512 адам (3869 жаран Уханда) көз жумган. Ал эми кечээ Ухань шаарында 12 пациент калганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости