www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыздын сыры төркүнүнө белгилүү”  — ​демекчи, азыркы премьер-министр Сапар Исаков бул өтө жогорку жана жооптуу кызматка өзүнүн “патрону”, экс-президент А. Атамбаевдин түбөлүк бийликте калуу планынын негизинде келгенде анын ким экендигин, адамдык жана кесипкөйлүк сапатын жакшы билгендер ошондо эле түңүлүшкөн болчу.

Себеби өмүрүндө бир чоң завод же фабриканы башкармак турсун, жок дегенде тоок багып көрбөгөн, өндүрүштүн “ө” деген тамгасын да билбеген бул “жакшы бала” өлкөбүздү жарым жылга жетпей сызга отургузары кыраакы көзгө көрүнүп эле турган. Болгону мурдагыдан мурдагы президент К. Бакиевдин эрке талтаң баласы Максимдин шумдуктуу ЦАРИсинде кагаз ташып, оң колу катары коомчулукка таанылган. Ал эми билим деңгээли орто саар деп эсептелген МУКтан эле бүтүптүр. Ким билет, ошондо эле ал кездеги бийликтин №1-оппозиционери А. Атамбаев менен жылдызы келишип жүргөнбү, кыскасы 2010-жылдын 7-апрель окуясынан кийин башка бакиевчилерге окшоп куулуп-сүрүлбөстөн, кайра Ак үйдө иштеп калып, өкүмдардын эң ишенимдүү адамына айланып, акыры премьер-министрликке жетип отурат.

Мейли, “Ак мышыкпы, кара мышыкпы, чычкан алса болду”, — ​дегендей эгер алты айдын аралыгында экономиканы көтөрүп, жок дегенде жаңы технология, иш билги кадрларды тартса, макул дейт элек. Тилекке каршы ал тегерегине кесипкөйлөр менен таза жетекчилерди эмес, жалаң “алтын баштуу” батышчыл же расмий тилде сүйлөгөн жаштарды чогултуп, натыйжада бир көзгө көрүнөрлүк жасаган жумушу жок ашмалтайы чыгып отурат. Баарынан да Кыргызстандын Эгемендүүлүк доордогу тарыхында отузга жакын премьер-министр шайланса, алардан дагы бир коомчулукту таң калтырган “өзгөчөлүгү” ондон ашык кеңешчилерди чогултуп алгандыгы болууда. Булардын көпчүлүгү чарба, өндүрүштү кой, мектепте иштеп көрбөгөн жалаң сүлкүлдөгөн сулуулар экендиги ого бетер табышмактуу жана таң каларлык болууда. Кудум эле Сулейман Султандын гареми. Макул, сулуубу, өңү сертпи, бир акылдуу кеңеш беришсе деле унчукпайт элек. Биз билгенден элге аралашпаган, аралшмак тургай Ак үйдөн чыкпаган “тепличный” акыл кошчулары жалаң гана бирде “Акылдуу шаар”, бирде “Таза жашоо”, “Кырк кадам” деген ишке ашпаган кагаздагы долбоорлорду түзүп, анысын бийликтин акырынан жем жеген маалымат каражаттары жана социалдык тармактардагы фейктер аркылуу жарнамалап эле элдин башын айландырып отурушкандай.

“Ээрге башында эле кыйшык отурган” С. Исаков “акылдуу” кеңешчилеринин таасиринен уламбы, алгач Ала-Арча резиденциясындагы жашоосун, андагы ичи бош эки муздаткычын, эмне жей тургандыгын, айтор “жупуну” жашоосун кайсы бир журналистке интервью берип көрсөтөм деп күлкү болгон. Андан кийин МАИнин коштоосу жок ЖИП машинасы менен жумушка келатып, айдоочусу жол эрежесин сактабай, жөө жүргүнчүнү аз жерден сүзүп кете жаздагандыгы артта отурган оператор тарабынан тартылып, ал социалдык тармактарга тарап кетип, Ө. Текебаевдин бир адвокаты сындап чыкканда кечирим суроого аргасыз болгон. Кийин Ошко барганда “Оштуктар” деп осол сүйлөп, ал кемчилигин “менин туугандарым” деп оңдоп кетип, сөзгө да чоркоктугун көрсөткөн.

Баарынан да кышында беш күн суутуп, Бишкек ЖЭБинде авария болгондо алгач шаардыктарга жууркан таратам деп, кийин үй-жайсыздарга ысык тамак уюштура коюп күлкүгө калса, депутаттар кырсыктын себебин сураганда “Насоско кир толуп калыптыр” деген жооп кайтарып, анысын бир адис насоско суу фильтрден өтүп гана келерин айтып жокко чыгарган эле.

Ооба, жер-жерлерге барганда С. Исаков жалгыз бой балдарын багып жаткан аялдардын үйүнө кирип, жардам берип, өзүнүн өтө боорукер экендигин көрсөтүүдө. Бул сапатына доомат жок. Анысын жогорудагы эртеден кечке күзгүдөн өзүн каранып сулууланган кеңешчилери улам көрсөтүп, жакшы эле пиар-компания уюштургандыгына деле кайылбыз. Канткен менен өкмөт башчы болгон соң, жакырчылыкка каршы күрөшүүнү мамлекеттик деңгээлде, массалык түрдө жүргүзүш керек болчу.

Бирок жарым жылдын аралыгында азыркы өкмөттүн деңгээли билинип, баарыбыз үмүт арткан “алтын баштуу” кадрларынын айрымдары чөгүп бараткан кемеден качкан келемиштердей кача башташты. Мисалы, жакында Мамлекеттик каттоо кызматынын директору, отуз жаштагы Д. Догоев “тойдум байдын кызына” деп өзү арыз жазды. “Жакшы бала, шанс берели” деп мактап жатып парламенттен өткөргөн “новый министр” А. Новиков экономиканы көтөргөндү мындай кой, ансыз деле түбү тешик бюджеттен миңдеген сом акча бөлүп, кыргыз тилин үйрөнөм деп шылдың болду.

Эң кызыгы, тээ А. Акаевдин доорунан бери улам бир майлуу министрликти ээлеп, кайра депутат боло калган, “сууга салсаң чөкпөгөн, отко салсаң күйбөгөн”, жүргөн жерине чөп чыкпай, жалаң ызы-чуу менен коштолгон А. Шадиев дегенди 1-вице-премьер-министр кылып алгандыгы таң каларлык. Башкасын айтпаганда да бул эргул ошол эле А. Атамбаевдин доорунда Энергетика министри болуп туруп Казакстандан ташылган уулуу көмүр чырынан башы көрүнүп, ал бир күн кечке парламентте талкууланып, айрым жердеш депутат-эжелеринин “тилин таап” гана адаттагыдай “суудан кургак чыккан”. Жакында эле депутат кезинде эч бир дипломатиялык жөндөмү жок туруп парламенттин эл аралык комитетинин төрагасы боло калып, Ч. Айтматов атындагы КМШда жыл сайын берилүүчү 30 миң долларлык сыйлыкка кол коюп, анысы уурдалып кетип, бул ирет да “өлбөс Кащей” жоопко тартылган жок. Эми ушундай жеке кызыкчылыгынан башканы ойлобогон адам кантип өкмөттүн экинчи жетекчиси болуп отургандыгы таң каларлык.

С. Исаков сыягы, тарыхта эң “сөгүнчөөк” премьер-министр да болуп калат окшойт. Анткени ал акыркы кезде жакшы иштеген эле министрлер менен орун басарларына сөгүш берүү менен гана чектелип калды. Айрыкча ушул жума көп чиновниктерди “сөктү”. Алгач өкмөт аппаратынын башчысы Нурханбек Момуналиевди кызматтан алып, аткаруучулук тартипти начар уюштургандыгы, так эмес жана сапатсыз маалыматты бергендиги үчүн Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге, Юстиция министри Уран Ахметовго, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовго, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Азамат Эркебаевге, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун статс-катчысы Илияз Ташбаевге, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Абдухалык Шамшиевге, Экономика министри Артем Новиковго, Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиевага, Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловго, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге “оптом” сөгүш жарыялады.

Ошондой эле сөгүштөн Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев да куру калбай, катуу сөгүш берилди. Балким, бул жетекчилердин ишинде чындап эле кемчилик бардыр. Бирок Саламаттык сактоо министри Т. Батыралиев биз билгенден медицина тармагындагы жети баштуу ажыдаардай баш көтөрүп кеткен коррупцияны жоюу, дары-дармектерди сатуудагы криминалдык-коррупциялык схеманы жоюу үчүн жалгыз өзү көп аракеттерди көрүп жаткандыгын жакшы билебиз. Болгондо да көп жыл Түркиядагы белгилүү клиникада иштеп жүргөн жеринен экс-президент А. Атамбаев өзү чакырып келген. Сыягы, өкмөт башчы бул министрге жана башка айрымдарына өч алуу же трайбалисттик көз караштан же кимдир-бирөөлөрдүн таасиринен улам кызматтан алууну көздөп гана сөгүш берип жаткандай. Дегеле дүйнөлүк практикада премьер-министрлердин экономиканы сөгүш менен көтөргөнүн жолуктура албадык. Ага эң оболу чарбачылдык, экономиканын тилин билген же маселени кантип чечүүнүн жолун тапкан кыраакылык сапаттар керек.

“Жакшы баланын” дагы бир “артыкчылыгы” — ​бир да чет элдик инвестиция тарта албай жаткандыгы болууда. Башында жакшы эле келишим түзүлүп, анысы ур барабан, тарт сурнай деңгээлинде коомчулукка жарыяланып, “эртең жыргал жашоо болот” деген оптимисттик маанайда аяктагандан көп өтпөй эле жакпай калган кызынан айнып калган жигиттей баары эле иштешүүдөн баш тартып жатышат. Алгач Россия Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу боюнча келишим түзүп, ишти баштап, бир нече миллион доллар короткондон кийин эле күтүлбөгөндөй жагдайда айнып кетип, азыр ошол кайда кеткендиги белгисиз миллиондорду доолап отурат. Андан кийин австриялык Liglass компаниясы менен да келишим бузулду. Megakom да отурган кыздай улам “кудаланып”, кайра инвесторлордун итиркейин келтирүүдө. Кечээ болсо “Акылдуу шаар” долбоору да жокко чыгарылгандыгын өкмөт өзү билдирди. Алардын айтуусунда, кытайлык "Huawei Technologies" келишимди аткарбай коюптур. Эми жалпы суммасы 60 миллион долларлык бул долбоорду өз каражатыбыз менен ишке ашырат экенбиз. Балким, Бишкек ЖЭБиндеги ызы-чуудан кийин кытайлар алгач түзүлгөн келишимди бузгандыр.

Кыскасы, отчёт бере турган учур келгенде алдастап айласын таппай калган С. Исаков ошол эле ат кошчу, акыл кошчуларынын кеңеши менен кол астындагыларга сөгүш берип, өзүн жакшы премьер-министр, министрлерин жаман көрсөтүү аракетин көрүүдө. Бул жаз алдында, митингдер башталган учурдагы аргасыз актануу амалы эмеспи?

А. Жапаров

Булак: "Жаңы ОРДО"

Последние новости