www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Жакшылык Бердибек уулу «Ата Мекен» партиясынан айланып кеткиле, Текебаевдин «Т» деген тамгасына тийишпегиле!» деген жигиттердин бири. Дайыма коргойт, колдойт. Кийген кийими, көтөргөн кол чатырына чейин “Ата Мекен”. Ылайым эле ушундай боюнча калсын деп тилейбиз, сатып кетпей.

Мына дагы бүгүн Фейсбуктагы баракчасына мындай деп жазыптыр: «Франция 2-дүйнөлүк согуштан кийин лидерлигин жоготуп койгон. Эл эмне кылаарын билбей куугунтукталып жүргөн Шарль де Голльду президент болуп берүү үчүн чакырып, (мурун колдобой коюшкан) көпчүлүктүн күчү менен шайлап алышкан. Шарль де Голль элдин үмүтүн актап эң саппаттуу саясий элитаны түздү, Францияны дүйнөлүк лидерлердин катарына кошту.

Учурдагы Кыргызстан эл аралык абалга салыштырып караганда өзгөчө кырдаалда турат. Жаңы келе турган президент көз карашынан тартып, иштөө ыкчамдыгынан бери айырмаланып турушу зарыл. Элдин миллиондоруна колун салбаган, ар бир ууру бийлик менен келишип алып бай-манап болбогон саясатчы керек. Бизге, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук, ички жана тышкы саясаттан түшүнүгү кенен, Кыргызстанда кайсыл жерде коррупциялык иш бар экенин коен жатагына чейин билген жана эң жөнөкөй элдин тилин билген адам президент болуп иштеп бериши керек.

Эгер биз тытышып, жердешчилике бөлүнүп, тууганчылыка карап жашай берсек убакыт өтүп 20-кылымдагы доордон дагы деле чыга албай отура беребиз. Биз өзүбүз, ар бирибиздин демилгебиз менен президенттик талаптарга жооп бере турган Өмүрбек Текебевди колдоого алышыбыз керек. Текебаев президент болуугу муктаж болбой биз анын президент болуусуна муктаж бололу. Биз татыктуу лидерге муктаж бололу. "Жакшы кишинин" президент болгону бизге керек эмес, бизге "улуттук лидер" президент болгону керек.

Дүйнөдө мамлекеттер бири-бирине чакырык таштап, тили, салты, мамлекети эле эмес улуту жок болуп кетүү коркунучунда тургандар көп. Ачык эмес жашыруун түрдө дүйнөдө глобалдашуу болуп, бир ууч улутубузду жутуп жок кылып салышпайбы? Кетмен чаап, кой кайтарып, базарда акча санап, менин ишим жок деп отура берсек улуттун келечеги коркунучта. Бизге американец, орус же кытай келип аш салып бербейт. Адамзат "менден кыйын болуп кетишиңди каалабайм"-деген принцип менен жашайт».

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости