www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште социалдык жаңы мыйзам үчүнчү окууда кабыл алынды. Андагы мыйзам долбооруна ылайык жаңы төрөлгөн ар бир ымыркайга мамлекет эсебинен бир жолу төрт миң сом сүйүнчү сом төлөнөт. Мындан сырткары үч жашка чейинки балдарга ай сайын берүүчү жөлөк сом белгилөө жана ал үчүн үй-бүлө кирешесин эсепке албоо талаптары коюлган.
Бул сунуштар “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” (мыйзамга сом – деп эле жазыш керек эле) мыйзам долбоорго киргизилди.
Мындан тышкары “баланы үч жашка чейин жөлөк сом менен камсыздап, аны чегерүүдө ата-эненин кирешеси эсепке алынбасын” деген да талаптар бар. Эми бул мыйзамга президент кол койсо жөлөк пул үчүн бюджеттен кошумча 1,8 млрд сом керек болот жана үй-бүлө кирешесин эсепке албастан бардык балдарга бирдей жөлөк пул төлөнөт.
Ошондо мындай каржылык колдоодон 660 миң бала пайдалана алат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары ушул тапта айына 800 сом алышат. Кыргызстанда аз камсыз болгондугу үчүн 90 миңге жакын үй-бүлө же 279 миң балага берилет.
Ошондо мындай каржылык колдоодон 660 миң бала пайдалана алат.
Булак: "Айгай"