www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жактоочу Кайрат Загибаев көз жумду. Бул тууралуу анын кесиптеши Канат Хасанов билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Загибаев пневмония илдетинен улам каза болгон.

"Пневмониядан үчүнчү жактоочу каза болду", - деди Канат Хасанов.

Ал 2-июлда эртең менен дүйнөдөн кайткан.

Белгилей кетсек, Кайрат Загибаев бир катар саясий соттук иштерде жактоочулук кылуу менен белгилүү болгон. Ал президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевге, мурдагы депутат Хажимурат Коркмазов, УКМКнын Кой-Таш окуясында каза болгон жоокери Үсөнбек Ниязбеков боюнча соттук иштерде жактоочу болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости