www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кемпир-Абад ишинин фигуранты, СИЗО-1де камакта жаткан Улукбек Маматаев ооруканага жаткырылды. Азыр ал жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Бул тууралуу анын жактоочусу Асел Аргынбаева NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
"Маматаевдин учурда абалы оор, толук маалыматты азырынча айта албайм. Башка жумуштар менен жүрөм", - деп билдирди Аргынбаева.
Буга чейин, 15-мартка караган түнү Улукбек Маматаев оор абалда ооруканага жаткырылганы кабарланган.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.
Укук коргоочу уюмдар жана кармалгандардын жакындары муну саясий куугунтук деп атап, калыс териштирүүнү суранып президентке кайрылып, ошондой эле бир катар нааразылык акцияларына чыгышкан.
Ал эми тергөө Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитеттин жолугушуусунан жаздырып алынган аудиого таянып, алар толук масштабдуу митингдерди уюштуруп (буга өлкөнүн мыйзамдары тыюу салбайт), бийликти басып алууну каалашкан деп айтууда.
Бирок кармалгандардын баары эле тергөө айтып жаткан комитеттин жолугушуусунда болгон эмес жана баары эле аталган комитеттин мүчөсү эмес. Анткени менен бардык фигуранттардын айыптоо корутундулары бирдей эле. Алардын баары тең бирдей чечимдердин негизинде төрт айдан бери ТИЗОдо отурат.
2023-жылдын январында ИИМ Кемпир-Абад ишине толугу менен жашыруун макамын берген, бул мындай чечим негизсиз деген адвокаттардын нааразычылыгын жараткан. 15-марта Бишкек шаардык соту жашыруун мөөр жарым-жартылай алынып салынды.
Булак: NazarNews,kg