www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү куудул Жакут Сыдыковдун бир тууган иниси кечээ, 27-декабрда Бишкекте кырсыктан каза болгон.

“Иним Чыңгыз Сыдыков жүк ташуучу унаа айдап иштечү. Унааны токтотуп, дөңгөлөктүн алдына башын салып, тетиктерди карайын деп жатканда бир нерсе жарылып кетиптир. Алган жаракатынан улам дароо каза болуптур. Артында жубайы менен 5 баласы калды", - деп жазды Жакут Сыдыков.

Ал инисине арнап жазган армандуу ырын коомчулукка жарыя кылды.

Кабыргам сыздап кайгырдым,

Салмагы кантет кайгыңдын.

Бир эле иним бар эле,

Бир боорум сенден айрылдым.

 

Мен өлсөм көмчү сен элең,

Койнуна катты жер энең.

Беш балаң калды мойнумда,

Сен өзүң мага бел элең.

 

Жылт этип учтуң жылдызым,

Кош эми, жаным Чыңгызым.

Өзүңдү мага жоктотпой,

Өмүрлүү болсун уул, кызың.

 

Элесиң дале жымыңдайт,

Күйүттөн жаным кыйындайт.

Байкем ой менин байкем деп,

Мен өлсөм эми ким ыйлайт. – деп жазган Жакут Сыдыков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости