www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Эсептөө палатасынын башчысы Алексей Кудрин келечекте Владимир Путиндин ордун ээлеп Россия Федерациясынын президенти болуп калышы ыктымал экенин айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин ал  Путиндин мураскери катары Михаил Мишустин, коргоо министри Сергей Шойгу, госдуманын өкүлү Вячеслав Володин жана башка атту-баштууларды атаган.

«Мен дагы бирөөнү кошсом. Ал Кудрин. Жалпысынан мураскер боло алчу 8 талапкерлер болот экен. Бирок эң башкысы ал – азыркы президент. Азыр мураскерди дайындап, кызматтан кетет деп айтуудан алысмын. Тек гана кимдерди мураскердин ролунда көрүп жатканымды билдирдим. Балким Путин өзү калат», - деди Жириновский.

Ал эми өзүнүн мурасерине келсек, ал акыркы 15-20 жылдын аралыгында ЛДПР партиясын жетектей ала турган татыктуу адамды издеп жүргөнүн айтты.

«ЛДПР партиясында бир гана маселе бар. Ал менин ордумду баса турган татыктуу адам жок. Мен канча жолу түз эфирлерде «менин ордумду басып, лидер боло турган бирөө жарым барбы?» Жок.

Анткени, саясий партияны жетектеш үчүн бардык суроолорго жооп бере билүү керек. Ар кандай темадагы, жанрдагы талкууга катышуу - бул чоң искусство, бул өтө чоң билимди жана белгилүү бир сапаттарга ээ болууну талап кылат», - дейт Жириновский.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости