www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооба, Жерүй кенинин тагдырын, кийинкисин эл чечиши керек. Элге рахмат, Дооронбек Садырбаев агабыз айтмакчы: "мурдуна пок сүйкөлгөн өз уулдарынын", кесе айтканда эрке талтаңдарынын кесепетине эле чыдап келди. Түшүнүп турабыз, жардыбыз, казынабыз какшып калды, тешик бюджетти уксаң уктай албайсың. Бул абалга ким алып келди? Кимдин күнөөсү? Элдинби? Жок. Баарына буга чейинкт чечүүчү өкмөт, Президент, ЖК ж.б. жетекчилердин күнөөсү ополтоодой. Кумтөр эмне болду? Жоопкерчилик тарткан бир киши жок. Жыргаганы чоңдор, а куураганы эл болду, деген пикирин Күнболот Момоконов жазып чыкты. 

Ага кошумча, Жерүй кенинде да ушундай абал болгону турат. Баардык балит иштерди жасап, Таласты талкалоо абалына алып келип, болбогон акчаларды элге иштетип туруп, бирок бүгүн элди күнөөлөгүлөрү келип турат. Минте берсек, жалтак болсок, акча үчүн ар кимдин алдына жата берсек, биз келечекте турбай калабыз. Уулдарыбызда намыс болбойт, кыздарыбыз бактылуулук күн көрбөйт. Күн карама кул мүнөз элге айланабыз.

Ошондуктан, Жерүй кениндеги болгон кемчиликтер үчүн баардык тиешелүү жетекчилерди мыйзам алдында жоопко тартуу зарыл. Мына ошондо тынчтык болот. (Биз аларды аз күндө майда чиновник экенине карабай аттарын атайбыз. "Шайлоо өтсүн, шайласак шартыбызды уга турган кишилер келет"-деген үмүткөрлөр да арбын. Ар бир ишти акыл-эс, ынтымак менен ийри отуруп түз чечкенге эмне жетсин, бирок көп учурда акчанын азгырыгы менен эл алдап көнүп калган "шумпайлар" болбойт экен...Эртең, Жерүй боюнча түзүлгөн Элдик комиссиянын кеңешме, маалымат берүү жыйыны болгону турат. Баардык Таластык эр азаматтар келет деп ишенебиз! Эч кандай саясий, шайлоого тиешелүү сөздөр болбойт. Андай сөздөр болсо, ал жыйындын провокаторлору деп табылып, жоопкерчилиги каралышы керек, дейт Момоконов. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости