www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүргүнчү ташыган поезддер ишин жандандырат

Жүргүнчү ташыган поезддер Чүй облусунун аймагында 31-декабрдан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү төмөнкү багыттар боюнча каттамдарды жандантууга уруксат берген:

Бишкек — Токмок — Бишкек;

Кайынды — Бишкек — Кайынды;

Кара-Балта — Бишкек — Кара-Балта.

Мекемеден билдиришкендей, бардык маршруттар күн сайын, ал эми Кара-Балта — Бишкек — Кара-Балта каттамы күнүнө эки ирет каттайт. Ишканадан бардык санитардык нормалар сакталат.

«Маршруттар боюнча айрым өзгөрүүлөр бар. Кайынды — Бишкек — Кайынды каттамында «Лицей» деген жаңы аялдама болот. Ал эми Кара-Балта — Бишкек — Кара-Балта поезди «Бишкек-1» станциясына чейин барат», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми поезддердин расписаниеси темир жол вокзалдарынан жана «Кыргыз темир жолунун» сайтынын башкы бетинен биле аласыздар.

Эске салсак, пандемияга байланыштуу эл аралык темир жол каттамдары 17-марттан тарта, ички каттамдар 25-мартта токтотулган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости