www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовду үй камагына чыгаруудан баш тартты. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Буга Ички иштер министрлигинен барган тергөөчүнүн иш боюнча экспертизанын жыйынтыгы даяр эмес экендиги, тергөө бүтө электиги тууралуу маалыматы жана прокурордун өтүнүчү себеп болгон.

Жактоочунун айтымында, соттук отурум бүгүн, 28-декабрда болду. Натыйжада Ниязов тергөө изоляторунда 10-февралга чейин калтырылды.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы башаламандык үчүн шектүү катары кармалган Ниязовду Биринчи май райондук соту тергөө абагына камап, мындай бөгөт чарасынын мөөнөтүн 10-февралга чейин узарткан.

Ошондой эле ал Бишкектин №1 тергөө абагында отурат. Ал 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча да соттолууда. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости