www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Наркты сыйлаган, даңазалаган Бейшекеден айрылдык. Мындай терең кайгыруусун белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов жазып чыкты. 

--Быйылкы жыл оор жоготуунун жылы болду. Эчендеген мыкты инсандардан айрылдык. Эми минтип жыл соңунда наркты карманган, сыйлаган, даңазалаган Бейшекеден айрылып отурабыз.

Кыштын кычыраган суугунан үшүгөн эмесмин. Бирок бүгүнкү суук кабар денемди эле эмес, жүрөгүмдү үшүттү. Жакын, пикирлеш, санаалаш элек. Өзү айткандай арабаны сүйрөгөн кошмок аттай КТРКнын жүгүн бирге тарттык эле. Бабасы Балбайдай баатыр мүнөзү, куйкумдуу сөздөрү, Асек атадан калган устачылыгы, жаштайынан калыптанган мээнеткечтиги Бейшекени өзгөчөлөнтүп турчу.

Быйыл Эмгек сиңирген ишмер наамын алганда куттуктасам:

--"Кыяс аке кайсынысын айтасың, теледе өлөрчө иштеп албаган наамды эми минтип дүкөнчү болгондо берип жатпайбы?" - деп күлдүргөн эле. Бул билген адамга күлкү эмес эле. Бейшекедей мыктыларды баалабаган күйүт эле! Наркты, салтты даңазалаган Бейшеке теледен четтетилип, дүкөнчүлүк менен алектенгенге аргасыз болду. Бирок теледегидей эле дүкөнчүлүктү да катырып, кыска аралыкта "Айыл азыгын брендке айландырып койду. Бирок Бейшекенин орду билген адамга дүкөнчүлүк эмес, Телевидение болчу! Элдин Коломтосуна от жагып, көкүрөгүнө наркты, салтты, динди жеткирүү эле! Аттиң дүйнө!

Бейшеке жолуккан сайын:--"Мен минтип дүкөнчү, сен колуңа кетмен кармаган багбан болот деп ким ойлоптур?!" - деп кейип калчу. "Биздин мээбизди сыгып, акылыбызды саап, агартуучулугубузду пайдаланса, мамлекетибизге алда канча кызматыбыз артпайт беле!" - деп күрсүнүп алаар эле.

Бейшеке бабасы Балбайдай баатыр болгону менен жүрөгү менен көңүлү назик болчу. Коомдогу адилетсиздик, өзүнө жасалган адилетсиздик, сүйгөн кесибинен четтетилгендик жүрөгүнө катуу тийди. 3 жыл мурда инфаркт болуп, быйыл жайда дагы бир кайталанган. 3-жолкусу эми минтип бизден түбөлүк ажыратты.

Ошентип быйылкы жыл жалпы элибиз үчүн оор жоготуулар менен коштолду. Жайында жакын досум Тилек Мураталиевден, күзүндө алайкуулук жан досум, курсташым Таалай Апызаковдон, эми минтип кыштын кычыраган күнүндө, жыл соңунда жакын санаалаш досум Бейшенбек Бекешовдон ажырап отурам. Кош бол Бейшеке! Ыйманыңыз саламат болсун! Сиз ар дайым жүрөгүбүздүн түпкүрүндөсүз! - деп жазды тарыхчы Кыяс Молдокасымов.

PS: Мына кыргыздар биз ушундай калкпыз...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости