www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Кытай Тайванда АКШга каршы экинчи фронт ачабы?

Байден менен Си акебиздин сүйлөшүүлөрү оң натыйжа берген деле жок. Кытай Орусияга каршы болбосун билдирди. Ал эми орус саясатчылары жакында Тайванда экинчи фронт ачылып кетиши мүмкүн деп ачык эле айта баштады. Тайванда 23 593 794 киши жашап өздөрүн Кытай Республикасы деп аташат. XII кылымда Тайванды Кытай басып алып,кытайлыктар көчүп келип, жергиликтүү калк тоо тарапка сүрүлгөн. XVI кылымдын аягынан  —XVII кылымдын башына чейин япондуктар, андан соң португалдыктар, голландиялыктар, испандыктар ээлешкен. 1661-жылы кытайлык Мин династиясы, 1683-жылы Цинь династиясы башкарган. 1895-жылдан Тайванды Япония жеңип алат. 1949 жылы Мао-Цзедундан жеңилген соң Кытай Республикасынын өкмөт башчысы, генералиссимус Чан Кайши Тайванга бекинет. Аны менен кошо Гоминьдан партиясы, администрациясы жана  парламент, 2 млн кытайлык качкындар барат. Ошондон баштап бул жер Кытай Республикасынын башкы аймагы болуп калат, бул мамлекетти башкалар «Тайвань» деп коюшат. Кытай бул аймакты өзүнүкү катары көргөндүктөн Кытайга кошуу аракеттери жүрүп келет. Тайвань 1971-жылга чейин БУУда мамлекет катары өзүнчө орун ээлеп келген. Тайванды АКШ колдоп келатат.

 «АКШнын «мурунку» саясатчылары, «Тайвань картасы» менен ойношуп, убактысын бекер кетирип, бүлгүнгө дуушар болду» деген ат менен чыккан макала Кытайдын белгилүү маалымат агентчилиги «Синьхуада» пайда болду. «Синьхуа» маалымат агентчилиги АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун делегацияны баштап Тайванга келгенин чагылдырат. Майк Помпеону Тайванда укмуш жасакерлик менен салтанаттуу тосуп алышып Вашингтон менен жакшы мамилени чыңдаганы үчүн «Бриллиант жылдызы» деген даңазалуу орденин көкүрөгүнө тагышкан. Азыркы кезде Тайванда ал-абал кандай? Украинадагы кан төгүүлөр Тайвандыктардын жүрөгүнүн үшүн алып коюптур. Мурун кокустан уруш чыгып кетсе Кошмо Штаттары бар эмеспи дешип аларга таянып жүрүшкөн тайвандыктар, Украинага эч ким болушпай жапжалгыз калганынан улам калчылдап корко башташты. Тайван парламенттинде бири-бири менен тытыша баштады. АКШга жан тарткан гоминдан партиясын көпчүлүк сүйбөй калды, Батыш кооз сүйлөгөндөн башкасын билбей турганына түшүнүштү. АКШ аларга курал-жарактарды берип коюп, чатак чыгарып коюп, өзү мылжыйып алыстан карап турарын парламент депутаттары айтып чыгышты. Тайвандыктар ачык эле: «Төрт миллион украиналыктар качкын статусун алышып Польшага кирип кетишти. Кокустан Кытай Эл Республикасы аймагын сактоо максатында Тайванга кол сала турган болсо, бизге ким болушат? Аралдарда жашап жаткан тайвандыктар деңизге чөгүп өлгөндөн башка аргабыз жок калат» -дешип жаткандары эмнени түшүндүрөт? Тайвандыктардын 60 пайызы Кытайга каршы тура албастарына ишенбей калышты. Ооба, Украинаны колтугунан сүйөп Орусия менен кайраштырып, согуш отун алоолонто жагышкан АКШ менен НАТО эми маалымат тарабынан моралдык жардам бергенден башка эмне кылып коюшуптур.

АКШнын өз кызыкчылыгы бар, мурунку СССРдин сателиттерин кошуп алып, алардын аймагына аскердик инфраструктурасын жайгаштырып чыгышка жылып келе жатат. Англосакстардын накта максаттарын анык билген орустар албетте тынчсызданбай койо албайт. Балтика жээгиндеги өлкөлөр Батыш Украина сыяктуу СССРге 1939-жылы Гитлер менен Сталиндин пактысынан кийин гана кошулган. Анда алар Польшаны бөлүп алышкан. Латвия, Литва, Эстония СССР менен сиңишип кете албай кайра куруу доорунда баш көтөрүп чыгышып, СССР бөлүнгөн соң НАТОго кошулушкан. НАТОго кошулуп курал жарактарды алганда орустар катуу нааразычылыктарын билдирип, бирок анча корккон эмес. Себеби жөнөкөй курал-жарактар келген. Мурунку Варшава келишиминин мүчөсү Польша менен Румынияга стратегиялык курал, "Тамагавк" ракетасы орнотулганда эле орустар "АКШ кызыл чектен өттү"- деп жооп берүүнү пландай баштаган. Анан Украинанын аймагына аскердик инфрастуртуралары орноп, ракеталар жайгашуучу базалары курулуп бүткөнү калганда маселени кабыргасынан койуп, коопсуздугун камсыз кылуу максатында талаптарын койду. Талаптар аткарылбаса аскердик- техникалык, таза аскердик чараларга бараарын эскертти. Батыш уккан жок, "блеф кылып атат, эчтеке кыла албайт"- деп, Украинаны ого бетер көкүтүп, курал жарак менен шыкап киришти.

Үчүнчү дүйнөлүк согушка жол ачып Гитлердик режимди кайталатпайбыз деп Украинага жардам берип алдын ала сокку урууга мажбур болушканы менен НАТО ачык согушка чыга албайт. Украинадан башталган үчүн эле, "Украинадан колуңду тарт, Орусия агрессор"- деп кыйкырып жатышат, кеп чынында "АКШдан, НАТОдон колуңду тарт" деп кыйкырышы керек эле. А эмнеге антип кыйкырышпайт? Себеби жөнөкөй, накта күнөөлүүлөрдүн жүзү ачылып калат.

Алар кыйкыра электе эле көчүгү түшкөн Батыш, илгери Гитлерди колдоп СССРге кол салган Батыш, "биздин эч тиешебиз жок"- деп актанып жатышат, Борис Жонсон баш болуп.

Европа тараптан кыйшактабай түз сүйлөшүүгө жарактуу лидер көрүнбөйт. Меркель жарамак анын ордун алган Шольц министр болуп аны көтөрмөлөгөн аялынын төшөгүн карайт.Макрон телефон сүйлөшсө Путинди мактап,Зеленский менен сүйлөшсө аны мактап келе жаткан президенттик шайлоонун камын көрүүдө. Эрдоган гана жараштыруунун камын көрүп жаткандай.АКШ лидери болсо алжып калды, анын ордун аңдып вице-президенти турат.

Украинаны НАТО капсалаңга салып берди. Хахолдордун далысынан таптап: «сен кыйынсың» -деп, бир тууган славян орустар менен кагыштырып коюп өздөрү четке чыга берди. Зеленский американын ABC News телеканалына маек куруп жатып, НАТО мүчө кылып кабыл албай таландыда калганы үчүн НАТОго деми сууп баратканын билдирди. Ал Крым Орусияныкы экенин, ДНР менен ЛНР көз карандысыз экенин таанырын айтып бул боюнча сүйлөшүүгө барарын ачык айтты. Зеленский: «НАТОго келсек, менин демим сууп калды, НАТО Украинаны кабыл албасына көзүбүз жетти. Альянс Орусия менен конфронтацияга баргысы келбей тескери иш жасагысы келбей турат» –деди. Украинадагы жаңжаалды токтотуу үчүн Орусия койгон шарттарга макул болорун билдирип: «Мен Орусия менен диалогго келүүнү туура көрдүм, биз биротоло капитуляция болгондон көрө ошол артык» -деди.

Көпчүлүк НАТОго кирген мамлекет башчылары Орусия менен кагылышсак дүйнөлүк үчүнчү согуш чыгып, ядролук куралдарга басым жасалып кетет дешип, НАТОнун киришине каршы. Ал эми башка мамлекеттин канын мите –курттай соруп жашашкан алсыз Польша, Латвия, Литва, Швеция сыяктуу мамлекеттер гана Орусияга каршы тикесинен-тик туруп, экономикалык жактан алсызданышын көздөгөнү менен эмне пайда табышты? Алар «өз көрлөрүн өздөрү казышып» Орусиядан келип жаткан газ, мунайзат, буудай жана башкалардан кур калган турат. Орусия буларды Азия тарапка экспорттосо деле күн көрөт. Тайванда болуп жаткан акыркы мезгилдеги дүрбөлөң Орусияга каршы багытталган жок. Булар «өз көмөчтөрүнө күл тартышып» кокус бизге Кытай кол салышса талаада каларыбыз бышык, андан көрө Кытай менен жакшы мамиле түзүп алалы деп жатышат.

Эми Польша менен Румыниядагы ракеталарын чыгарып алып, кол куушуруп келбесе, Батыш Путин айткандай "өмүрүндө, тарыхында көрбөгөндөй, эстен кеткис болуп жазаланат"- дегендей жазаланып калышы мүмкүн. Путиндин сөзү тамаша эмес. Азыр НАТОну Чыгышка жылганын токтотпосо кийин кеч болуп калат.

Кытай бийлиги Украинага гуманитардык жардамдын кошумча партиясын 10 миллион юань (болжол менен 1,57 миллион доллар) бөлүүнү чечти, Кытай муну кырдаалдын өнүгүшүнө жана муктаждыктарына ылайык жасады.Кытай тарап Украинадагы гуманитардык кырдаалды жөнгө салууда конструктивдүү ролду ойноону улантат жана гуманитардык кризистен чыгууга салым кошууга ниеттенүүдө», - деп белгиледи дипломат., 9-мартта Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Кытайдын Кызыл Чырым коому Украинага 5 миллион юань (787 миң долларга жакын) гуманитардык жардамдын биринчи партиясын бергенин жарыялады.Ага тамак-аш, эң керектүү буюмдар жана башка нерселер кирген. Жүктүн биринчи партиясы 12-мартта жеткирилген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости