www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Англиялык жалпы практикалык дарыгер Хилари Жонс Улуу Британия коронавирустун жаңы мутацияларынын очогу болуп калышы мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу ITV телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Анын айтымында, бул өлкөдө өкмөт вакцина салуу программасына катуу ишенип жатат. Бирок вирустан коргонуу үчүн башка дагы чаралар талап кылынат.

"Ооба, вакцина ооруну жеңилдетип, өлүмдүн санын азайтууда. Бизде альфа-мутация гана болсо, тынч отура бермекпиз. Бирок азыр Улуу Британияда мутациянын дельта варианты дагы бар. Ал өтө жугуштуу. Жакында өлкөдө күн сайын 50 миңдей адам COVID жугуза башташы мүмкүн. Мындайда вирус өтө ылдамдыкта мутация болуп, бат жайылат. Ошондо анык коронавирус фабрикасына айланабыз", — деди адис.

Апта башында Улуу Братияда бир сутка ичинде 27 334 кишиден SARS-CoV-2 табылды. Учурда бул өлкөнүн элинин 64 пайызы толугу менен эмдөөдөн өткөнү кабарланган эле.

Коронавирустун "индиялык" штаммы өткөн жылы пайда болгон. Адистер "дельта" деп атаган түрү илдеттин жеңил белгилеринен оор түрүнө тез өтүшү менен кооптуу экендигин айтышууда. Мындай "кадамы" менен адамдын организмине өзүнүн антителосун пайда кылган убактысын кыскартарын кошумчалайт дешкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости