www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындай кадам өлкөгө кирип жаткан чет элдик жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүп, акчаны көмүскө базарда алмаштыруусунун алдын алат.
Тажикстандын Улуттук банкы Кыргызстан жана Өзбекстан менен болгон чек арасына акча алмаштыруу жайларын ачат. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан маалымат агенттиги Улуттук банктын Согди облусундагы өкүлчүлүгүнө таянуу менен билдирди.
"Жакын арада Кыргызстан жана Өзбекстан менен болгон чек арадагы көзөмөл өткөрүү пунктуларында акча алмаштыруу жайлары иштеп баштайт", — деп айтылат маалыматта.
Бул иш менен насыя берүүчү уюмдар алектенет. Анткени Тажикстанда жеке акча алмаштыруу жайларынын ишмердигине тыюу салынган.
Мындай кадам өлкөгө кирип жаткан чет элдик жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жасалып, акчаны көмүскө базарда алмаштыруусунун алдын алат.
Ишемби жана жекшемби күндөрү банктар менен насыя берүүчү уюмдар иштебегендиктен доллар, евро жана рублди Кожент шаарында дагы алмаштыруу мүмкүн эмес.
Тажикстандын Улуттук банкы 2015-жылы өлкөдөгү бардык жеке акча алмаштыруу жайларын өз буйругу менен жапкан.
Булак: NazarNews.kg