www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакынкы күндөрү жеке лабораториялардын биринде коронавирус инфекциясы боюнча тестирлөө башталат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бонецк лабораториялар тармагы Республикалык карантиндик жана өзгөчө жугуштуу оорулар борбору менен биргеликте COVID-19 үчүн ПЦР тесттерин жүргүзө баштайт.     

"Анализдин орточо баасы 2 миң сомду түзөт", - деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.

Буга чейин массалык лабораториялык диагностика COVID-19 системасы Кыргызстанда орнотула турганы белгилүү болгон. Долбоорду меценаттардын жана ишкерлердин эсебинен ишке ашыруу пландаштырылууда. Долбоорго ылайык, биринчи этапта ПЦР ыкмасы боюнча 10 миң тесттин жана иммунохимилюминесценттик анализдин (ИХЛА) ыкмасы боюнча 40 миң тесттин негизинде лабораториялык диагностикалык тутум жайгаштырылат.

Эске салсак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустун 568 учуру катталган. Алардын ичинен 140сы медициналык кызматкерлер. Каза болгондордун саны жетиге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости