www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү каарманыбыз-медицина тармагында 45 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан медицина илимдеринин кандидаты, доцент, жогорку категориядагы хирург, Кыргызстан гастроэнтерологдор коомунун Президенти Абдуллаев Жакыпбек Сагынбекович болмокчу. Устаты-кыргыз элине белгилүү инсан академик Мамбет Мамакеев менен ар дайым сыймыктанган Жакыпбек мырза менен маектешкенибизде буларды айтып берди.
--Жакыпбек Сагынбекович, алгач маегибизди академик Мамбет Мамакеев менен кездешкен учуруӊуздан баштасак -?
--Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун 6-курсунда 1972-1973-жылдары Мамбет Мамакеев башкарган госпиталдык хирургия кафедрасында окудук. Мединститутту бүткөндөн кийин бир жылдык интернатураны да ошол кафедрадан өттүм. Мамбет Мамакеевичтин жанында иштеп, операцияларына катышып, хирургиянын сырларын үйрөнө баштадым. Ойлогон тилегим ишке ашып” хирург“ деген сертификат колума тийди. Ар бирибиз Минздравтын комиссиясы жиберген жерге ишке баруубуз керек болчу. Интернатураны бүтүп жаткандардын ичинен экөөбүздү Мамбет Мамакеевич өзүнүн клиникасына иштегени калтырды.
Алар Токтомамат Абдымомунов - Ош областынан жана мен Жакыпбек Абдуллаев - Талас областынан элек. Ал убакта кай жерлик экенибизди сурап, бөлүнүү дегенди билчү эмеспиз.
Тагдырдын буйругу менен, ошол убакыттан бери менин турмушум академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры Мамбет Мамакеев менен тыгыз байланышта. Мамбет Мамакеевичтин кол астында 45 жылдан бери иштеп келе жатам. Мамбет Мамакеевичти экинчи атам болуп калды десем жаӊылышпайм. Биринчи жолу скальпелди кармаганды, биринчи операцияларды Мамбет Мамакеевичтен үйрөндүм. Мамбет Мамакеевдин шакирти болуп иштеп жатканыма абдан сыймыктанам. Мамбет Мамакеевичтин иштегенине 67 жыл болсо да, иш күнү эртеӊ мененки врачтардын конференциясынан башталат.
Күзөттө турган врачтар бир суткада түшкөн сыркоолорду, болгон операцияларды айтып беришет. Стандарттык эмес сыркоолор, операциялар болсо ар бир врач өз оюн айтып, катачылыктар болсо сындоого укуктуу. Аягында Мамбет Мамакеевич корутунду чыгарып, кетирген катачылыктар болсо катуу сындап, керек болсо чара да колдонот. Билбей калган темалар болсо, врачтар кайра окуп келип, аттестация өткөрүш керек болот. Кээде ката кетирген врачтар 1-2 айга чейин операция жасоодон четтетилет. Мамбет Мамакеевдин эң жакшы касиеттеринин бири-шакирттерине өз баласындай мамиле кылат.
Менин жаш балалуу болуп, үй-бүлөм менен квартирадан квартирага көчүп кыйналып жүргөнүмдү көрүп Мамбет Мамакеевич, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты катары, Фрунзе горисполкомуна ходатайство жазып берип, мага жаш специалист катары, иштегениме 3 жыл болсо да эки бөлмөлүү квартира алганга жардам берди. Атам жасай албаганды Мамбет Мамакеевич жасады. Мамбет Мамакеевич кылган жакшылыктар өмүр бою унутулбайт, жүрөгүмдө сакталат. Ал убакытта кыргыз адистерине квартира алыш деген кыйын көйгөй эле. Кийинчирээк врачтардын бактысына кооператив системасы пайда болду. Көп врачтар кооперативге киришип квартиралуу болушту.
--Жетекчи катары алгач кайсы клиникада иштедиӊиз?
--1974-1984-жылдары Фрунзе шаарынын №2-ооруканасынын кечиктирилгис хирургия клиникасында врач-ординатор, бөлүм башчысы болуп иштедим. Жаӊы иштегенде айына 6-8 жолу суткалык күзөткө туруп түшкөн оорулууларды көрүп, диагнозун коюп, анан улуу врачтарга көрсөтүп, операция керек болсо алардын уруксаты менен жасап үйрөнүп такшалдык. 1984-жылы Мамбет Мамакеев башкарган Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун госпиталдык хирургия кафедрасына конкурстан өтүп, ассистент болуп, кийин доцент болуп иштеп жатам.
Ошентип 35 жылдан бери студенттерге хирургия боюнча лекция окуп, сабак берип, Кыргыз Республикасына миндеген врачтарды тарбиялоого өз салымымды кошуп жатам. 1992-жылы Мамбет Мамакеевичтин жетекчилиги менен медицина илимдиринин кандидаттыгына диссертация жактадым. 2002-жылы” Кыргыз республикасынын эмгек синирген врачы” деген ардактуу наамга ээ болдум.
Ошол эле убакта, 1997-жылдан бери Улуттук хирургия борборунун эндоскопиялык жана көкүрөк хирургиясы секторунун башчысы болуп иштеп жатам. Жогорку категориядагы хирургмун, 45 жылдан бери 5000ден ашык операция жасадым.
--Улуттук хирургия борбору түзүлгөн учур дал ошол күнкүдөй эмдигиче көз алдыӊыздан кетпесе керек...
--Президент Аскар Акаевдин буйругу менен 1996-жылы Бишкек шарынын №2 - ооруканасынын кечиктирилгис хирургия клиникасынын базасында Улуттук хирургия борбору (НХЦ) түзүлдү.
Улуттук хирургия борбору Республикадагы хирургиялык дарылоо, илимий жактан жана врачтарды даярдоо боюнча борбор болуп дайындалган. М.Мамакеев Улуттук хирургия борборунун директору болуп бир добуштан шайланды. Мамбет Мамакеевичтин көптөн бери кыялданып жүргөн ойлору ишке ашып, өзүнүн хирургиялык мектеби түптөлдү.
Дүйнөлүк хирургтардан артта калбас үчүн, Улуттук хирургия борборунун башкы врачы Канат Мамакеевдин аракети менен Кыргызстанда биринчи болуп лапароскопиялык комплекс алынып келинген (1995ж.). Лапароскопиялык инструменттерди чыгарган ФРГнын “Карл Шторц” деген фирмасынын Мосвкадагы окуу борборуна М. Мамакеев, К. Мамакеев жана мен барып окуп келдик. Казакстандын илимий хирургия борборунун директору академик Мухтар Алиев менен М. Мамакеев сүйлөшүп, врачтардын бригадасын Алматыга бир жумага окууга жиберди. Эрнис Тилеков, Элмир Эсеналиев, мен жана операциялык медайым Гүлжамал Осмоналиева болуп лапароскопиялык холицестэктомия (өттүн таш оорусуна жасалган операция) деген операциянын жасалышын практика түрүндө көрүп, өздөштүрүп келдик.
Натыйжасында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 1997-жылы өткө лапароскопиялык операцияны М.Мамакеев жасады. Жардамчылары Э.Тилеков, Ж. Абдуллаев, К. Мамакеев болушту. Ошондон бери М. Мамакеев өткө 8000 лапароскопиялык операцияны ийгиликтүү жасады.
М.Мамакев 92 жашка келгенине карабай күнүнө 3-5 операция жасап келет. Бул иши үчүн Гиннес китебине кирүүгө татыктуу!
Хирургдар, өмүр бою жаӊы операцияларды өздөштүрүп, илимий жаӊылыктар менен таанышып, окуп, квалификациясы өсүп туруш керек.
Ошондуктан, ар бир 4-5 жылда Минздравтан атесстациядан өтүп категориясын жогорулатып турушат. Эӊ төмөнкүсү - 2-категория, 10 жылдык стаждан кийин -1-категория, 15 жылдык стаждан кийин - жогорку категория алууга мүмкүнчүлүгү бар.
Совет заманында Москва, Ленинград, Киев, Алматы жана башка чоӊ шаарларда врачтардын билимин өркүндөтүү институттары бар болчу. Мен Ленинград шаарындагы ГИДУВда (государственый институт для усовершенстования врачей) эки жолу (1982,1989 ж.), Запорожье (Украина) шаарындагы ГИДУВда бир жолу (1978 ж.) эки айдан окуп, билимимди өркүндөтүп келгем.
Жол киреси, жатаканасы жана окуусу бекер болчу, айлыгыбыз сакталып турчу. СССР тарагандан кийин Кыргызстандан тышкары окууга баруу үчүн өз каражатыӊдан төлөп беришиӊ же спонсор табышыӊ керек эле. Кыргызстанда врачтардын билимин өркүндөтүү үчүн атайын медициналык институт ачылган.
Москва шаарына 1995-жылы жана Берлин ( шаарына 1998 жана 1999- жылдары хирургиядагы жаӊы технологияларды өздөштүрүш үчүн спонсор таап барып окуп келгем.
Булак: Нурислам Кабакбеков, NazarNews.kg