www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путинден шапалак жеген соң Атамбаев менен жубайы Раиса Атамбаева тишин кимге кычыратарын билбей турган. Кыргызстандын экспрезиденти Курманбек Бакиев 70 жашка чыгып, анын мааракеси менен куттуктап «New TV» жана «NUR TV» телерадиокомпаниялары чыгышкан.

Атамбаевдин “ишенген кожосу” Путин эми башка адамдын “ишенген кожосуна” айланган. “Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш”, - деп белгилеген президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун жашоочулары менен болгон жолугушууда элдин суроосуна жооп берип.

Алмазбек Атамбаев Жээнбеков жөнүндө эмес 2010-жылга чейинки мамлекет башчысы Курманбек Бакиев тууралуу тасманын Кыргызстандагы телеканалдардан көрсөтүлүшү боюнча комментарий берди. Ал Кой-Таштагы үйүндө, “элдик штабда” чогулган Мискенбаев баш болгон тарапташтарын  «New TV» жана «NUR TV» телерадиокомпаниялары көздөй бурду.

Атаганат, Путин менен иштешпеген президент калдыбы, Акаев,Бакиев, Отунбаева, Атамбаев эгер экспрезиденттердин сөзүн угуп, жаңы президентти укпай койсо, саясаттын парасы тескери айланарын Атамбаев мыкты түшүнөт эмеспи...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости