www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунда «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков тааныштырды.

Ал белгилегендей “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” ушул мыйзам долбоору жабырлануучунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана укуктук системанын алкагында адилеттүүлүктү камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Акыркы маалыматтарга караганда, ар кандай маалымат каражаттары жана интернет-ресурстар аркылуу таратылып жаткан мазактоо жана кемсинтүү учурлары көбөйүүдө. Бул коомдук адеп-ахлакка жана жеке адамдардын ортосундагы мамилелерге коркунуч жаратат. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-платформаларда мазактоо учурларына жетиштүү деңгээлде натыйжалуу жооп бербейт. Көпчүлүк учурлар күнөөнү далилдөөнүн татаалдыгынан жана юридикалык ченемдердин көп маанилүүлүгүнөн улам жазасыз калууда. Ошол себептүү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармагындагы сайтта же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган мазактоо, башкача айтканда башка адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын адепсиз формада атайын кемсинтүү айып пул салууга алып келет. Анда жалаа жапкан жеке адамдарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып пул салуу каралган.

Последние новости