www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш компаниянын жетекчиси кармалды

2022-жылдын сентябрь айында, Баткен районунун Ак-Сай айылындагы 9 үйдүн курулушун жүргүзгөн курулуш компаниясынын директору 34 жаштагы Г. У. аттуу жаран 2023-жылдын март айында Баткен шаарынын тургуну К.М. темир иштетүүчү цехинен 1 145 403 сомдук темир курулуш материал сатып алып, акчасын он беш күндө беремин деп ишеничке кирип алдап, акчасын бербестен изин жашырып качып кеткен.

Натыйжада жабырлануучуга 1 145 403 сом өлчөмндө зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле арыз менен Баткен шаарынын тургуну Ш.А. аттуу жаран кайрылып, 2022- жылдын октябрь айында курулуш компаниясынын директору 34 жаштагы Г.У. оозеки келишим менен күнүнө 20 сомдон төлөйм деп 100 даана опалубка алып, 2023-жылдын күз мезгилинде 50 даана опалубканы бердирип жиберип, калган 50 даана опалубканы жана ижара акысын бербестен качып кеткен.

Натыйжада жабырлануучуга 250 000 сом өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жашырынып жүргөн курулуш компаниясынын директору 34 жаштагы Г.У. аттуу жаранды Бишкек шаарынын аймагынан кармап, тергөө кызматына өткөрүп беришти.

Учурда кылмыш иштери боюнча тергөө улантылууда.

Последние новости