www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу 5 багыт тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун “Агроөнөр жай комплексин андан нары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан ведомство аралык жумушчу топтор түзүлүп, жооптуу жетекчилер дайындалып, 5 багытта иш жүрүгүзүү мерчеми иштелип чыкты.  

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев азыркы учурда 5 багыт боюнча төмөнкүдөй пландарды ишке ашыруу максаты коюлганын белгиледи.  

1-багыт – ирригация

2028-жылга чейин 106 бассейндерди (БСР, БДР), резервуарларды куруу, аларда 987 млн. куб.м. сууну топтоо, 223,7 миң га сугат айдоо жерлеринин суу менен камсыздоо. 1800 суу скважиналарын калыбына келтирүү, 120 насостук станцияларды оңдоо. 200,0 миң га аянтка тамчылатып сугаруу системасын орнотуу. Бул иш-чараларга 407 млрд. сом каражатты сарптоону пландоо. 

2-багыт – үрөн, көчөт, урук менен камсыздоо

2028-жылга чейин 38 миң тонна жогорку сапаттуу үрөндөрдү өздүк өндүрүштүн эсебинен, же керектөөнүн 30 пайызын камсыздоо. 20 млн. сапаттуу көчөттөрдү даярдоо, 2025-жылга чейин 5 жаңы питомниктерди уюштуруу. Өлкөнүн климатына ылайыкташкан өсүмдүктөрдүн 10 сортун аныктоо жана өстүрүү. 

Малдын 10 породасын аныктоо жана лизинг программасына жеңилдетилген шартта сатып алууну киргизүү. 200 миң уйду жасалма жол менен уруктандыруу. 2030-жылга чейин ар бир уйдан 5000 литрден сүт саап алуу, ар бир районда тоют даярдоо базаларын уюштуруу. 

3-багыт – кайра иштетүү, азык-түлүк коопсуздугу, кооперация, МТС;

2040-жылга чейин өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү көлөмүн 50 пайызга жеткирүү, 20 соода-логистикалык борборлору түзүү, эл аралык стандартка ылайыкташкан 20 мал сою пункттарын уюштуу. 2030-жылга чейин 9 негизги азык-түлүк азыктары менен республиканын калкын толук камсыздоо. 2030-жылга чейин 424 кооперативдерди уюштуруу жана аларга 13,6 миң га мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү. Райондордо 40 МТС уюштуруу, техниканын лизингин уюштуруу жана ага 35,6 млрд. сомду сарптоону пландоо. 

4-багыт – экспорт

2030-жылга чейин айыл чарба азыктарынын экспортун 2 эсе көбөйтүү, жогорку кирешелүү 60 продукцияны экспорттоо, эл аралык стандартты киргизген өндүрүштүк ишканаларды 2 эсе көбөйтүү, 650 балык өнөр жай ишканаларын түзүү, балык продукциясынын экспортун 105 миң тоннага жеткирүү. Азыктарды таңгактоо, маркировкалоо иштерин жана өлкөлөр ортосунда мультимодалдык ташууларды уюштуруу. 

5-багыт – илим, окутуу, тажрыйба алмашуу, технологияларды киргизүү

Алдыңкы, прогрессивдүү, инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизүү, азыктарды даярдоо, сорттоо, таңгактоо, маркировкалоо, сертификаттоо, сактоо, транспортировкалоо процесстерин жакшыртуу, азыктарды бирдей формада жана көлөмдө даярдоо, малды уруктандыруу адистерин даярдоо боюнча окутуу иштерин туруктуу жүргүзүү. Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунда 7,5 млн. АКШ долларына молекулярдык-генетикалык лабораторияны уюштуруу жана 17,5 млн. сомго асыл-тукум өндүргүч букаларын сатып алуу. 

Жарлыкты ишке ашыруу төмөнкү өзгөрүүлөрдү камсыздайт: 

– ирригация тармагында суу топтоочу бассейндер ишке берилет, скважиналар калыбына келтирилет, насостук станциялар оңдолот жана сугат жер аянттарынын суу менен камсыздоосу жакшыртылат; 

– айыл чарба тармагында сапаттуу үрөндөр, көчөттөр, асыл-тукум малдын уруктары менен камсыздоо жакшыртылат, өндүрүш көрсөткүчтөрү өсүү жолуна түшөт; 

– жаңы кайра иштетүү ишканалары түзүлөт, жаңы кооперативдер, МТС түзүлөт жана жаңы жумушчу орундары түзүлөт, продукцияны кайра иштетүү көлөмү жогорулайт (50 пайыз), ирилештирүү процесси жүргүзүлүп, ири-товардык өндүрүш калыптанат; 

– өндүрүшкө алдыңкы, прогрессивдүү, инновациялык технологиялар киргизилет, окуулар өткөрүлүп, дыйкан-фермерлердин билим денгээли жогорулайт. 

Последние новости