www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучуларыжана кызматкерлери арасында өткөрүлгөн “Ден-соолук – 2018” аталышындагы кышкы спартакиадасынын жыйынтыгы чыгарылды. Жеңүүчүлөргө окуу жайынын ректораты сыйлыктарды тапшырды. Мыктылар Ысык-Көл облусунда болуучу “Ден соолук – 2018” спартакиадасына катышуучулар жолдомо алышты. Бул тууралуу ЖАМУнун ректоратынан билдиришти.

Спартакиадага окуу жайдын 360дан ашуун кызматкерлери катышып, спорттун алтытүрү боюнча 9 команданын ортосунда таймаш жүрдү: алар - кичи футбол, стол үстүндөгү тенис, тогуз коргоол, шахмат, аркан тартыш жана волейбол оюндары.

Оюндун жыйынтыгы чыгарылып, жалпы командалык биринчи орунду Жалал-Абад колледжи ээлеп, 10000 (он миң) сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Ошондой эле экинчи орунду Медициналык колледж багындырып, 9000 (тогуз миң) сом ыйгарылды. Ал эми үчүнчү орунду ректорат багындырып, 8000 (сегиз миң) сом алса, төртүнчү орун Педагогикалык факультетине берилип, 7000 (жети миң) сом акчалай сыйлык алышты. Андан сырткары, калган катышуучу командаларга 2000 (эки миң) сомдон кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

ЖАМУнун ректору Кеңешбек Үсенов оюнчуларды спорттук майрамы менен куттуктап, аларга ден соолук каалап өттү.

-“Ден соолук – 2018” спартакиадасы университеттин жалпы жамаатынын ортосундагы биримдикти, ынтымактуулукту чыңдайт. Биримдикке жараша ийгиликтер, жетишкендиктер жаралат. Ушул жылы окуу жайдын 25 жылдык мааракеси болот. Юблейде да спорттук оюндар уюшулат, иш чарага башка жогорку окуу жайлардан келген катышуучулар менен таймаш өткөрүп, ийгиликтерге жетебиз, – деген оюн билдирди ал.

Ал эми бул мелдештердин жыйынтыгы менен мыктылардын мыктысы тандалып, 2018-жылдын июнь айында Ысык-Көл облусунда болуучу “Ден соолук – 2018” спартакиадасына катышуучулар жолдомо алышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости