www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү оңдоп-түзөдөн өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу, мындан кийинки бейтаптар Сузак аймагында кабыл алынат.
Мекеменин иши убактылуу токтотулуп, аралык жакын болгондугуна байланыштуу, мындан ары кайрылган бейтаптарды дарылоону Сузак аймактык ооруканансынын жугуштуу оорулар бөлүмү жүргүзөт. Бул тууралуу бүгүн областтык штабдын район-шаарлардын башчылары менен өткөрүлгөн онлайн жыйында маалымдалды.
Облус башчысы Нурболот Мирзахмедовдун айтымында, оору салыштырмалуу басаңдаган мезгилде, илдет башталган күндөн тарта тынымсыз иш алып барып келе жаткан жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратында, шарттарды жакшыртуу аракети көрүлөт. Мындагы коопсуздук чараларына ылайык, бейтаптар убактылуу кабыл алынбайт. Онлайн жыйындын алкагында аймактардагы акыркы абал жана жаралган бир катар жагдайлар талкууланды.
Өкүл күз мезгилине карата болжолдонгон экинчи толкундун алдын алуу максатында, бардык аймактарда жетиштүү орундарды түзүү керектигин эскертти. Аны менен бирге Сузак жана Базар-Коргон райондорундагы кошумча жугуштуу оорулар бөлүмүнүн даядыктарын сурады. Анда иш ыргагы кызуу жүрүп жаткандыгы жана сентябрь айынын орто ченинде аяктоо планы бар экени айтылды.
Илдеттин жайылуу коркунучун алдын алууда эл көп чогулган маараке, той-аштарды болтурбоо үчүн тийиштүү тармактардын өкүлдөрү менен байма-бай рейддерди өткөрүү тапшырмасы берилди.
Булак: NazarNews.kg