www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Областтын аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте 514 миң көчөт отургузулмакчы. Бул айлана-чөйрөнүн санитардык абалын жакшыртуу, калктуу конуштарды архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында жүрмөкчү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабековдун айтымында, областынын аймагында айлана-чөйрөнүн санитардык абалын жакшыртуу, калктуу конуштарды архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында 2018-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин 3 айлык жарыяланды. Жарыяланган 3 айлыкты уюшкандыкта өткөрүү максатында 21 адамдан турган областтык шатбдын курамы түзүлүп, ар бир район-шаарга куратор болуп бекитилди. Үч айлыкты уюшкандыкта өткөрүү боюнча иш-чаралар планы аныкталды.

-Белгиленген иш-чаралардын негизинде областтын аймагында мекеме-уюмдарга, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларына, шаарлардын мэрлерине калктуу конуштардагы эс алуучу жайларга, сейил бактарына, аллеяларга, автожолдордун, көчөлөрдүн четине, административдик имараттардын айланасына дарактардын,  гүлдөрдүн   көчөттөрүн отургузуу,  айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу иштерин уюштуруу жана бул иштерге жалпы калкты тартуу менен жума сайын ишембиликтерди уюштуруу тапшырмалары берилет, - дейт ал.  Андан сырткары, жолдорду, тротуарларды ремонттоо, жолдордун четиндеги  объектилерди, турак-жайларды архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жолдорго, көчөлөргө түнкү жарыктандыруу системаларын орнотуу, видео-байкоо жабдыктарын орнотуу, бак-дарактарды актоо, арыктарды, сел каналдарын тазалоо, жээк бекемдөө иштерин жүргүзүү; өз аймактарында токой чарбалары менен биргеликте жер көчкүсү коркунучу бар айыл чарба жумуштарына жараксыз жерлерге, дарыялардын, сайлардын жээктерине жер кыртышын сактоочу жана тез өсүүчү дарак, бадалдардын көчөттөрүн отургузуу; өз аймактарында 3 айлыктын алкагында отургузулган көчөттөрдүн көктөшүнө, өсүүсүнө ыңгайлуу шарттарды жаратуу милдеттери жүтөлдү.

Ошондой эле областтын аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте 514 миң көчөт отургузуу иштери колго алынууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости