www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ажал айтырып келбейт. Шум ажал жол кырсыгын себеп кылып, 2017-жылдын 16-декабрь күнү Бишкек- Ош унаа жолунун 299-чакырымында, тактап айтканда Токтогул районунун Торкен айылында катталган.
Анда Бишкек көздөй бара жаткан “ Хендай Клик” үлгүсүндөгү унаа каршы багытта бара жаткан “ Хонда Степвагон” үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан эле. Бул каргашалуу жол кырсыгынан 10 адам жабыркап анын ичинен 7 адам бул дүйнө менен кош айтышкан.
Каза болгон 7 адамдын ичинен Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын ага аймактык ыйгарымдуу өкүлү милициянын майору Түгөлбай уулу Нургазы жана анын келинчеги, кызы жана бешиктеги ымыркай баласы менен каза болушкан. Катардагы мыкты кызматкерибизди жоготууда ички иштер органындагы кызматкерлердин да кабыргасы кайышты.
Албетте айттырбай келген ажалдан көз жумган кесиптешибиздин жакындарынан кабар алып аларга матералдык жана моралдык жардам көрсөтүү боюнча демилге көтөрүп, 9-январь күнү Жалал-Абад ОИИБнын башчысы милициянын полковниги Акылбек Мамсейитов жана башчынын орун басарлары, ошондой эле Токтогул РИИБнүн башчысы менен бирге, каза болгон кесиптешибидин үйүнө барышып, ага куран окушуп, анын ата-энеси менен артында калган 4 баласынан кабар алып келишти.
Тирүүлүктүн тиричилиги өтүп, кайгынын кабары алыстап үшкүрүп көз жаш кылып олтурган Түгөлбай уулу Нургазынын ата-энесин жана 4 баласын көргөндө темир жүздүү киши да тура албайт. Алардын кайгы капасын тең бөлүшүп, дем күч берип ОИИБнын башчысы А.Мамасейитов өз сөзүндө Түгөлбай уулу Нургазынын аткарган иштерин баса белгилеп жана ал кызматкерлер арасында кадыр баркка ээ болгонун жана ИИМдин ОИИБнын бир канча төш белгилер жана сыйлыктар менен сыйланганын айтып өтүү.
Ошондой эле Нургазынын артында калган кыздары Айпери,Мээрим, Сайкал, жана уулу Элмырза силер сабырдуу болуп, жакшы окуп, көзү өткөн ата-энеңердин аткарбай калган иштерин аткарууга аракет кылышыңар керек, силер жалгыз эмессиңер силер менен областтык ички иштер кызматкерлери дайыма силер менен бирге жана жаныңарда болобуз-деп өзүнүн атынан жана өздүк курамдын атынан 205 миң 600 сом акчалай жардам көрсөтүп Нургазынын атасына тапшырды.
Ал эми Токтогул РИИБнүн өздүк курамы 71 000 миң сом акчалай жардам көрсөттү. ОИИБнын башчысы мындан аркы балдардын жашоосун жана келечегине жардам көрсөтүү боюнча жана социалдык абалдарына кам көрүү боюнча Нургазынын жакындарына убада берди.
Эске салсак, Түгөлбай уулу Нургазы 2003-жылдан бери ИИОда кызмат өттөп келген.
Жаткан жериң жайлуу болсун,топурагың торколуу болсун!
Самара Кыдырова Жалал-Абад ОИИБнын Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg