www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда оор абалда ооруканага түшүп, каза болгон 2 жашар кыздын окуясы боюнча сот чечим чыгарды. Анда кичинекей кыздын апасынын өгөй энеси күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу NazarNews.kgге облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чечимди Сузак райондук соту 11-мартта чыгарган.
"Айыпталуучу Т.Н. күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми айыпталуучунун жактоочусу өкүмгө макул болбой, апелляциялык арыз менен Сузак районунун прокуроруна жана Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган. Бул иш Жалал-Абад облустук сотуна келип түшүп, ишти кароо 6-майга белгиленген", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эске сала кетсек, 2019-жылдын 7-май күнү Сузак районундагы айылдардын биринен 2 жаштагы кыз оор абалда ооруканага келип түшкөн. Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБи кылмыш ишин ачкан. Кыздын абалы өтө оор деп бааланып келген. Анын апасы Орусияда иштеп жүргөндүктөн, ал эми кичинекей кызды апасынын өгөй энеси карап жатканы айтылган. Кыздын атасы кыздарына келип кабар албай турганын кыздын апасы айтып чыккан болчу. 20-майда оор абалда жаткан кыз чарчап калган. Ал эми кыздын апасы бул иш боюнча өгөй энесине карата тосмо арыз жазып бергени менен анын арызы бул ишти кароого тоскоолдук жараткан эмес.
Булак: NazarNews.kg