www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында вице-мэр Нуртилек Орозбаев баштаган топ борбордук базардагы абалды кайрадан текшеришти. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык текшерүүнүн жыйынтыгында эки эт сатуучу жана эки коомдук тамактануучу жайга санитардык эпидемиологиялык эрежелерди так сактабагандыгы үчүн айыппул салынды.

“Буга чейин адистер аталган жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Анда сатуучулар кардарларды коргоочу каражаттары менен тейлеши керектиги айтылып, атайын эскертме кагаздары берилген”, - деп айтылат билдирүүдө.

Шаар бийлиги коронавирустун экинчи толкунунун алдын алуу багытында мындай текшерүү иштерин дагы да улантат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости