www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматынын жетекчиси, милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусундагы Сузак районун жашоочуларына Кайрылуу жолдоду.

--"Урматтуу мекендештер! Жалал-Абад шаарынын, Сузак районунун жашоочулары жана коноктору! Өлкөбүздүн аймагына жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрели саат 08.00гө чейинки убакытка өзгөчө абал киргизилди.

Бул илдетти токтотуу боюнча Өкмөттүн алдында түзүлгөн штабдын талаптарын так аткарууну өтүнөбүз. Эгерде өзгөчө абал учурунда  коменданттык сааттын (20.00-07.00) жана санитардык-эпидемиологиялык кырдаалдын эрежелери бузулса, укук коргоо органдарынын жана тиешелүү кызматтардын мыйзамдуу коюлган талаптары аткарылбаса - Кыргыз Республикасынын Жоруктар жана Бузуулар жөнүндө кодекстеринин негизинде  жоопкерчиликке тартууга мажбур болобуз. Мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер калкыбыздын, анын ичинде сиздердин ден соолугуңуздар үчүн көрүлүп жаткандыктан түшүнүү менен мамиле кылууӊуздарга чакырабыз",  - деди Жеңиш Жоробеков. 

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматынын жетекчиси, милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусундагы Сузак районундагы коменданты болуп дайындалган. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын  жана Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун,  Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген. 

Булак: NazarNews.kg

                                                                             

Последние новости