www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-мартта Жалал-Абад шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштун жалгыз ардагери Сафин Гаффан 99 жашында дүйнө салды.

Ал Башкыр Автоном Социалист Совет Республикасында (АССР) туулган. Сафин Гаффан Советтик армиянын катарында 1943-жылдан тарта кызмат өтөп, Жалал-Абадга 1954-жылы көчүп келген. Ал Экинчи дүйнөлүк согуштун II даражадагы жана “Германияны жеңүү” медалдары менен сыйланган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ушул жылдын 1-мартына карата маалыматы боюнча, Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 40тай ардагери калды. 2023-жылдын май айында алардын саны 64 болчу.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости