www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн шектүү кармалганын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Милиция кызматкерлерине Кыргызстандын аймагында жасалган балдар порнографиясы боюнча маалымат түшүп, факт аныкталган.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси («Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу») менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө 2023-жылы 3-майда Э.А. аттуу жаран Кара-Балта шаарындагы үйүнөн 9 жана 10 жаштагы карындаштары уктап жатканда ич кийимдерин ылдый түшүрүп, алардын жыныстык органдарын уюлдук телефонуна сүрөткө тарткан.

Ал сүрөттөрдү аккаунтунда сактап жүргөн. Мындан тышкары Э.А.нын аккаунтунда ыплас аракеттер аркылуу сексуалдык зомбулукка кабылган жаш балдардын катышуусундагы интернеттеги ар түрдүү видеоматериалдар да сакталган.

Тергөө маалында 2003-жылы туулган шектүү чет өлкөгө чыгып кеткени аныкталып, ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси («Ыплас аракеттер») менен сырттан айып тагылган. Бишкек шаарындагы 1-тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, ага издөө жарыяланган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Э.А. Россиядан кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды. 2024-жылдын 22-мартында шектүү сотко жеткирилип, Бишкектеги 1-тергөө абагына 1 айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости