www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12 жылдык окууга байланыштуу жол картасы иштелип чыгат

Билим берүү жана илим министрлигинин жумушчу тобу 12 жылдык окуу системасына өтүүгө байланышуту жол картасын иштеп чыгат.

Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта министр Догдургүл Кендирбаева маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, билим берүүнү трансформациялоо боюнча мамлекеттик "Алтын Казык" программасы негизги багыт болуп эсептелет.

"2022-жылы 23 балага бир компьютер болсо, азыр 12 балага бир компьютер туура келет. Бүткүл дүйнөлүк PISA сынагынан өтүш үчүн 1200 мектеп компьютер менен камсыз болду. Ошого жараша мугалимдер да даярдыктан өтүп жатат. Дүйнөлүк иликтөө системасында онлайн өтөт, ар бир балага мүмкүнчүлүк бар. Ар бир мугалимге нотубук алып берүү алдында турабыз. Муну менен санариптик электрондук окуу китептерден баштап, тесттик баалоолор, санариптик билим кампасы түзүлөт. Жасалма интеллект аркылуу мугалим тынымсыз пайдаланат, бюрократиялык көзөмөлдөн кетип, балага багытталган саясат жүргүзүлөт".

Буга чейин министр Кендирбаева мектептердеги билим берүүнү трансформациялоо боюнча “Алтын казык” деп аталган жаңы мамлекеттик программанын долбоору жөнүндө президент Садыр Жапаровго маалымат берген.

Президент Жапаров билим берүүдөгү реформалар ишке ашпай келгенин айтып, жаңы программа мамлекеттин келечегин аныктай тургандай болушу керектигин айткан.

Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. Ал эми мектепке даярдоо толугу менен мектепке чейинки билим берүү системасына өтөт. 10-11-12-класстарда кесипке багыт берүү иштери башталат.

Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев дагы ушундай системаны демилгелеген. Ал мунун максаты мектептерди эл аралык стандартка ылайыкташтыруу, чет өлкөгө окууга баруу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү деп түшүндүргөн. Бул сунуш социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости