www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад ШИИБи тарабынан шаар аймагында коронавирус илдетинин алдын алуу багытында иш пландары түзүлүп, анын алкагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдири.

Милиция кызматкерлери автоунаалардагы санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлгө алышты. Коомдук транспорт жана такси айдоочуларына жарандарды унаага салууда бет кабы жокторду чыгарбоо керектиги айтылды. Өздөрү жеке гигиенаны сактоо менен антисептикалык каражаттарды колдонуп, унаа салонуна көп адам салбоо зарылдыгы эскертилди.

Ошондой эле кийим жана жашылча саткан базарлар, тигүү цехтери, ашканалар текшерүүгө алынып, жугуштуу илдеттин күн санап көбөйүп жатканын эске алуу менен санитардык нормаларды жана жеке гигиенаны сактоо керектиги жеткирилди. Милиция кызматкерлери сатуучуларды жарандар менен болгон мамиледе этият болууга чакырышты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости