www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарынын аймагында коронавирус эпидемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу шаар башкармалыгы билдирди.
Тамактануучу коомдук жайлардын, түнкү клубдардын жана кафе- ресторандардын иштөө мөөнөтү мурдагыдай эле кечки саат 8ге чейин деп чектелди. Жеткирип берүү кызматтары иштей берет.
Мечиттерде жума намазын окууга 1-сентябрга чейин тыюу салынды.
Санитардык эрежелерди сактоо багытында атайын текшерүүлөр уюштурулуп турат.
Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айынын соңунда башталган. Жалпысынан бул илдет 37 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңге чукулу каза болду, 30 миңдейи сакайып кетти.
Оору жуккандардын 3 миңден ашыгы Жалал-Абад облусунда.
Булак: NazarNews.kg