www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда тогузунчу класстын окуучусун зордуктоого шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга ылайык, райондун айылдарынын биринин тургуну милицияга арыз менен кайрылган, анда ал 2005-жылы туулган кызы телефон аркылуу таанышкан жигит тарабынан зордукталганын билдирген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Сотко чейинки иш Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (“Зордуктоо”) боюнча козголгон.

Зордуктоого шектелип 19 жаштагы бала кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости