www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда “Бирге жеңебиз” штабы өз ишин баштады

Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында комендатуранын алдындагы “Бирге жеңебиз” урааны менен атайын штаб ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми штабды ачуунун максаты аз камсыз болгон үй-бүлө катары мамлекеттик тизмеге кирбей калгандарды да унатта калтырбоо, материалдык жардамдын бир адамга кайталанып берилүүсүнүн алдын алуу жана чыныгы муктаждарга колдоо көрсөтүү. 

Ошондой эле колунда бар, муктаж үй-бүлөлөр үчүн жардам колун сунгандардын башын бириктирип, алар тараптан берилген кийимдерди, азык-түлүктөрдү ж.б. каражаттарды кабыл алып, аларды керектүү даректерге жеткирүү болуп саналат.

Ага кошумча, бүгүн, 17-апрелде бул штабдын өкүлдөрү менен Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробеков жолугушуп, комендатуранын байланыш номерлерине жардам сурап кайрылып жатышкан инсандардын даректерин тактап, керектүү азык-түлүктөрдү ыкчам жеткирип туруу керектигин белгиледи.

Жолугушуудан соң Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жардамга муктаж болгондорго бүгүндөн баштап азык-түлүктөр даректерге жеткириле баштады. 

Белгилей кетүүчү жагдай, комендатуранан алдындагы “Бирге жеңебиз” штабы Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдү тактап жатат.

Муктаждык жаралса төмөндөгү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

-    Жалал-Абад шаары боюнча 0701 11-70-32

-    Сузак району боюнча 0701 11-70-30

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости