www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында капиталдык салым кийирүү көлөмү быйылкы жылдын алгачкы беш айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир жарым эседен ашуун өскөн. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Алынган маалыматтарга караганда, өткөн жылы беш айда капиталдык салым жумшоонун көлөмү 147,3 миллион сомду түзгөн болсо, быйылкы жылы беш айдагы анын көлөмү 239 миллион сомго жеткен. Демек, өткөн жылдагыдан 91,7 миллион сомго көптүк кылат же өсүү темпи 162,3 пайызды түздү.

Ошого жараша курулган турак жайлардын аянты да өткөн жылдагыдан көп болду. Мисалы, өткөн жылдын алгачкы беш айында курулган турак жайлардын жалпы аянты 6665 чарчы метрди түзсө, быйылкы анын жалпы аянты 8422 чарчы метрге жеткен. Демек, өткөн жылдагыдан 1757 чарчы метрге көп болуп, өсүү темпи 126,4 пайыз болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости