www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн саат 14:17де Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кызыл-Үңкүр айылынан түндүк-чыгышка карай 6 чакырым, Жаз-Кечүү айылынан түндүк-батышка карай 9 чакырым жана Манас шаарынан түндүк-чыгышка карай 55 чакырым аралыкта жайгашып, күчү 4,5 баллга чейин жеткен.

Жердин силкинүүсү Кызыл-Үңкүр, Жаз-Кечүү жана Косо-Терек айылдарында 4 балл, Арсланбоб, Гүмкан, Чарбак, Каду, Сай жана Кара-Алма айылдарында 3,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында 2,5 баллга чейин сезилген

Последние новости