www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков мамлекетке кайтарылган мүлктүн баасы боюнча айтылган маалыматтардын ортосундагы олуттуу айырмачылыкка көңүл бурду.
Анын айтымында, январь айында УКМКнын жыйынтыктоочу коллегиясында мамлекетке 352 млрд сомдук мүлк жана каражат кайтарылганы айтылган. Ал эми кечээ комитеттин жыйынында УКМК төрагасынын орун басары бул сумма 100 млрд сомдон бир аз гана ашарын билдирген.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Бексултан Токоновдун маалыматына караганда, 2021–2026-жылдары мамлекетке 1 миң 773 объект жана мүлктүк комплекс кайтарылган. Алардын 155и конфискацияланса, 1 миң 618 объект ыктыярдуу түрдө өткөрүлүп берилген.
Токонов түшүндүргөндөй, тергөө иш-чараларынан кийин мүлк агенттикке анын баасы көрсөтүлбөстөн өткөрүлүп берилет. Аны кийин сатуу учурунда өзүнчө баалоо жүргүзүлөт.
Учурда кайтарылган мүлктүн толук инвентаризациясы жүргүзүлүүдө. Болжол менен 450 объекттин баасы азырынча аныктала элек.
Самаков мүлктү баалоодо ката же бааны негизсиз жогорулатуу фактылары үчүн ким жооп берерин сурады. Токонов айрым учурларда баштапкы жана иш жүзүндөгү баалардын ортосундагы айырма жогорулатылып көрсөтүлүшү мүмкүн экенин билдирди.