www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Япониянын Айти-Нагоя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча коло медаль жеңди.
Махмудов 77 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты. Ал алгачкы беттешинде япониялык Нао Кусакеге жеңилип калган. Кусаканын финалга чыгышы кыргызстандык балбанга көңүл жубатуучу беттешке катышууга мүмкүнчүлүк берди.
Көңүл жубатуучу беттеште Махмудов Казакстандын өкүлү Демеу Жадраевди 10:1 эсебинде жеңип, коло медаль үчүн күрөшүүгө жолдомо алды.
Коло медаль үчүн беттеште ал Кытайдын өкүлү Руи Лю менен кез келип, атаандашын 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Жыйынтыгында Акжол Махмудов XX Азия оюндарынын коло медалынын ээси болду.