www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гималай тоолорунда 27-сентябрда болгон кар көчкүдөн кийин жети адамдын сөөгү табылды. Дагы тогуз адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу The Himalayan Times гезити жазды.
Непалдын Улуттук тоо гиддери ассоциациясынын маалыматына ылайык, куткаруучулар 30-сентябрда кар басып калган лагерден төрт адамдын сөөгүн, 1-октябрда дагы үч адамдын сөөгүн алып чыгышкан. Аба ырайынын татаалдыгына карабастан, издөө-куткаруу иштери улантылат.
27-сентябрда калың кар жаап, жаан тынымсыз жаагандан кийин кар көчкү түшкөн. Ал Гималайдагы Химлунг-Химал тоосунун аймагындагы лагерди калың кар алдында калтырган. Лагерде 16 адам болгон. Алар менен байланыш жекшемби күнү эртең менен үзүлгөн.
Kathmandu Post гезитинин маалыматына караганда, дайынсыз болуп жаткан адамдар Непалдан чыккан экспедициялык топтун курамында болгон. Алардын арасында шерптер, гиддер жана тейлөө кызматкерлери бар.