www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков 1-октябрда Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин Кеңешинин жыйынына катышты.

Жыйында укук коргоо органдарынын өз ара кызматташуусун өнүктүрүү, баңгизат кылмыштуулугуна жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү, ошондой эле кылмыштарды ачууда заманбап технологияларды колдонуу маселелери талкууланды.

Улан Ниязбеков Кыргызстандын уюшкан кылмыштуулукка каршы көрүп жаткан чаралары тууралуу маалымат берип, трансулуттук кылмыштуу топторго каршы күрөшүүдө мамлекеттердин күч-аракетин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле министр ыкчам маалымат алмашууну күчөтүүнү, чек ара аралык кылмыштуу байланыштарды биргелешип аныктоону жана мыйзамсыз ишмердүүлүктү уюштурган адамдарды аныктоо боюнча кызматташууну активдештирүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, Ниязбеков 2027-жылдын сентябрь айында Кыргызстанда мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү маселелерине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өтөрүн айтып, КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрликтеринин өкүлдөрүн иш-чарага катышууга чакырды.

Жыйындын соңунда 2029–2033-жылдарга кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттер аралык биргелешкен чаралар программасынын долбоорун даярдоо жана укук коргоо тармагындагы эл аралык келишимдерди иштеп чыгуу маселелери каралды.

Последние новости