www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жоламан Шаршенбеков Жапонияда алтын утту

Балбан Жоламан Шаршенбеков Жапонияда өтүп жаткан Азия Оюндарынын чемпиону болду.

Ал бүгүн, 1-октябрда грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты.

Кыргызстандык балбан мелдешти 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда кореялык спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңген. Чейрек финалдык беттеште Түркмөнстандын спортчусу Азатжан Очиловду 8:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан. Ал эми финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Ирак өкүлүн дагы мөөнөтүнөн мурда жеңген.

Чечүүчү беттеште Жоламан Шаршенбеков Өзбекстандын дүйнөлүк рейтингинин лидери Алишер Ганиев менен килем үстүндө күч сынашты.

Кыргызстандык балбан атаандашын 7:5 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.

 

Последние новости