www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Түндүк» темир жол бажысынын кызматкерлери Түркиядан Кыргызстанга декларацияланбай ташылып келген жалпы салмагы 9,5 тоннадан ашык товарларды аныкташты.

Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Бажылык текшерүүнүн жүрүшүндө «F.» ЖЧКсынын дарегине келген 9 510 кг товар табылган.

Алардын арасында кабелдик кесиндилер, агым датчиктери, кабелдик туташтыргычтар, контакторлор, электр энергия булактары, модемдер, күчөткүчтөр жана башка товарлар бар.

Документтерге ылайык, аныкталган товарлардын жалпы наркы 12 млн 396 миң 414 сомду, төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрү 2 млн 292 миң 538 сомду түзгөн.

Бул факты боюнча материалдар белгиленген тартипте катталып, тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн МБКнын Тергөө башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында республикалык бюджетке 5 млн 37 миң 854 сом өндүрүлүп, бул мамлекетке келтирилген зыяндын эки эселенген өлчөмүн түзгөн.

Последние новости