www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-октябрда «Бишкек Арена» стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи өтөт. Иш-чарага борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн майрамдык программа уюштурулат.

Бишкек мэриясы жарандардын стадионго ыңгайлуу жетүүсүн камсыз кылуу максатында 10 акысыз автобус каттамын уюштурат. Автобустар белгиленген пункттардан «Бишкек Аренага» жана кайра каттайт.

Жарандарды стадионго жеткирүү саат 15:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт.

Автобустардын жөнөө пункттары:

  1. «Өчпөс от» — Ибраимов көчөсү–Фрунзе көчөсү;
  2. «Батыш автобекети» — Жибек Жолу проспекти–Кулиев көчөсү;
  3. «Киркомстром» — Барпы Алыкулов көчөсү, 32;
  4. Асанбай кичи району — А. Токомбаев көчөсү, 3/7;
  5. «Ак-Кула» автобекети — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1;
  6. Аламүдүн-1 кичи району — Ауэзов көчөсү, 4;
  7. Көк-Жар конушу — Ахунбаев көчөсү–Достоевский көчөсү;
  8. Т. Фрунзе көчөсү — Гагарин көчөсү, 284;
  9. Абдымомунов көчөсү, 220;
  10. Сухэ-Батор көчөсү — «Глобус» дүкөнү.

Мэрия шаар тургундарын жана конокторун акысыз автобустарды пайдаланууга чакырып, жөнөө пункттарына мүмкүн болушунча эртерээк келүүнү өтүндү.

Последние новости