www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусу боюнча 4  акысыз кенеш берүү борборлору иштеп жатат. Анда консультанттар  жарандардын укуктарын жана милдеттерин, соттук жана соттон тышкары тартипте укуктарды ишке ашыруу жана колдонуу ыкмалары тууралуу маалымат берип, укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардам беришүүдө. 

Негизинен жарандар арасында социалдык маселелер пенсия, жөлөк пул алуу, жер тилкелерин берүү жана документтерди тариздөөгө байланышкан көйгөйлөрдө кайрылгандар көп. Мындан тышкары юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана жоюу, мурас жана  алимент бөлүштүрүү маселелери да бар. 2020-жылдын январь-октябрь айларына чейин облуста 4 миң 294 жаранга акысыз юридикалык кеңеш берилген. 

Ал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен биргеликте Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы, Финляндия тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз  Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттүүлүгүнө жетүү” долбоору, “Сорос-Кыргызстан” фонду жана USAIDдин “Биргелешип башкаруу”  программасынын алкагында түзүлгөн. Негизги максаты коомдогу жардамга муктаж адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо менен калкты укуктук жактан агартуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости