www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлдү.

Аталган аймактарда 16-апрелден тартып 21:00дөн таңкы саат 6га чейин коменданттык саат киргизилет. Бул тууралуу тиешелүү буйрукка Жалал-Абад шаарынын коменданты Жеңиш Жоробеков кол койду.

Андан тышкары мурда 16-апрелге чейин берилген өткөрмө уруксат кагаздардын жарактуу мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости