www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда курулуш компанияларына мыйзам талаптарын сактоо эскертилди
Жалал-Абадда курулуш компанияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жыйын өткөрүлүп, тармактагы мыйзам талаптарын жана коопсуздук эрежелерин сактоо маселелери талкууланды.

Жыйынды Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы уюштурду.

Иш-чарада курулуш ченемдерин сактоо, эмгек коопсуздугун камсыз кылуу жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө жумушчуларды жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу, коопсуздук эрежелерин сактоо жана тиешелүү нускамаларды өз убагында өткөрүү зарылдыгы эскертилди.
Ошондой эле курулуш иштерин бекитилген долбоордук жана уруксат берүүчү документтерге ылайык жүргүзүү талап кылынды.

Долбоордук чечимдерден өз алдынча четтөөгө, имараттардын кабаттуулугун жана конструкцияларын уруксатсыз өзгөртүүгө жол берилбестиги белгиленди.

Мындан тышкары, уруксат берүүчү жол-жоболорду мыйзамсыз тездетүүгө, текшерүүлөрдүн жыйынтыгына таасир этүүгө жана кызмат адамдары менен мыйзамсыз макулдашууга жол берилбестиги айтылды.

Мыйзам талаптарын бузуу фактылары аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилди.

Последние новости